Кыргызстан менен Тажикстан «Кожалы-Ворух» жолун бирге курушат

Кыргызстан менен Тажикстан «Кожалы-Ворух» жолун бирге курушат

1-2-май күндөрү Баткен шаарында Тажикстан менен Кыргызстандын өкмөттүк делегацияларынын тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу «НИАТ ХОВАР» басылмасы билдирди.

Жолугушууда Тажикстан менен Кыргызстандын делегацияларынын башчылары чек аранын такталбаган аймактарын эртерээк чечүүгө макулдашышкан.

Тараптар мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын № 43 чек ара чекитинен № 61 чек ара пунктуна чейин жана № 135 чек ара пунктунан № 141 чек ара пунктуна чейинки бөлүктөрдү чечүүдө  1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтерди колдонууга макулдашкан.

Топографиялык жумушчу топторго 5-майдан 9-майга чейин жогоруда көрсөтүлгөн тилкелерде тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын тактоо тапшырылган.

Ошол эле учурда Овчи Калача Бабажан Гафуров району, Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарынын Чоркух, Сомонион, Ходжай Ало аймактарында, ошондой эле Максат, Кулунду Лейлек, Көк-Таш, Көк-Терек калктуу конуштарында, Баткен районунун Аксай айылында жумушчу топтор 17-майга чейин топографиялык иштерди жүргүзүшөт жана аталган тилкелерде тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын такташат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери аяктаганга чейин, жарандардын тоскоолдуксуз жүрүшү, Тажикстандын транспорт каражаттары жана товарлары ээн-эркин өтүшүн макулдашышкан. Эки өлкө Кожалы-Ворух жолун биргелешип курат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик келишим менен аныкталат.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүгө макулдашышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>