Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту

Бүгүн, 17-сентябрда  Тажикстандын   Гафур районуна караштуу Овчи-Калача калктуу конушунда  Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара  өкүлдөрүнүн   жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабаралашты.

Жолугушууда Башкы штабдын башчысы Абдикарим Алимбаев жана  Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Раджабали Рахмонали чек арадагы абалды талкуулашып, бирдиктүү иш алып баруу маселесин иштеп чыгышкан.

Жакынкы сааттарда  мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын  өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптын  сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик  чек арасында атышуу болуп, кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>