«Кыргызстан сулуусу — 2019» сынагында Нарын облусунун 17 жаштагы сулуусу жеңүүчү аталды

«Кыргызстан сулуусу — 2019» сынагында Нарын облусунун 17 жаштагы сулуусу жеңүүчү аталды

12-октябрда Бишкекте «Кыргызстан сулуусу — 2019» сынагы өтүп, анда Нарын облусунун атынан ат салышып жаткан 17 жаштагы Айжан Чаначева жеңүүчү деп табылды.

Ошондой эле вице-мисс наамдары дагы ыйгарылды. Анда биринчи вице-мисс Талас облусунун сулуусу Саадат Курманбекова, экинчи вице-мисс Ысык-Көлдөн келген Айганыш Кубанычбековага берилсе, «Мисс спорт» наамына баткендик Алина Осмонова татыктуу болду.

Сулуулук сынагынын финалында 17 кыз ат салышты. Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Катышуучулар өз өнөрлөрүн тартулашты. Жеңүүчү Айжан Чаначевага Лондондо өтө турган «Дүйнө сулуусу» сынагына катышууга жолдомо, рубин чөгөрүлүп жасалган алтын таажы жана 100 миң сом тапшырылды.

Кыздар көрүүчүлөргө талантын тартуулап, дефиле көрсөтүп, кечки салтанат көйнөктөрүн кийип чыгышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>