Кыргызстан талиб бийлигин тааный элек. Эмнеге?

Кыргызстан талиб бийлигин тааный элек. Эмнеге?

Кыргызстан Ооганстандын азыркы талиб бийлигин тааный элек. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек  Масадыков Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди.

Масадыков  ушул тапта Кыргызстан Ооганстандагы талиб бийлигин таанышы же таанышбашы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

“Бир жума мурун Кабулдан келдим. Министрлер менен сүйлөшүп, абалга байкоо салдым. Эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырып жаткан абал менен чыныгы абал такыр башка. Менимче, диалогго келип, Ооган өлкөсү менен ымалага келген оңбу дейм. Ушул тапта талиб бийлиги дүйнө өлкөлөрдүн талаптарынан чарчагандай. Анткени, талиб бийлигин таануу  үчүн көп талаптарды коюп жатат” –деди  Масадыков.

Кыргызстан Ооганстанга 2 жолу гуманитардык жардам көрсөткөн. Ал эми талибдер Ооганстандын мурдагы бийлигин курал менен басып алган. Кыргызстанда талиб кыймылынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>