«Кыргызстан улуттук электр тармагы»  кышка даяр болду

«Кыргызстан улуттук электр тармагы»  кышка даяр болду

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдары — Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын — жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканалары күз-кыш мезгилинде иштөөгө даяр экендиги жөнүндө паспортторду алышты. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  кышка  даярдык көрүүнүн алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 89 көмөк чордонундагы жабдуулардын капиталдык оңдоо иштери, 196 көмөк чордонундагы учурдук оңдоо иштери аткарылды. 458,8  чакырымды түзгөн 110 — 500 кВ аба чубалгыларынынын капиталдык оңдоо иштери, 6724,3 чакырымды түзгөн 110 — 500 кВ аба чубалгыларынын техникалык тейлөө иштери аткарылды. Андан тышкары, имараттар, курулмалар, унаалар оңдолуп, электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Даярдык паспорту күзгү-кышкы максималдуу жүктөмдөр шартында электр тармактар комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл шарттардын аткарылгандыгын тастыктаган негизги документ болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>