Кыргызстанда 2010-жылы улутташтырылган объектилер мурдагы ээлерине кайтарылышы мүмкүн

Кыргызстанда 2010-жылы улутташтырылган объектилер мурдагы ээлерине кайтарылышы мүмкүн

Кыргызстанда 2010-жылы улутташтырылган объектилер мурдагы ээлерине кайтарылышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Экономика жана Каржы министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Белгилей кетсек, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Убактылуу өкмөт бир катар объекттерди улутташтырган. 1993-жылдагы мыйзамдарга ылайык, соттун чечимисиз бул процесс мүмкүн эмес эле. Көйгөйдү Жогорку Соттун Конституциялык палатасы 2014-жылы эле чечкен. Юристтер бул көйгөйдүн чечим кабыл ала алышкан жок жана убактылуу өкмөттүн чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүндүк берген мыйзамды иштеп чыгуу тапшырмасын өкмөттүн өзүнө жүктөштү.

Улутташтырылган объектилерди ээлерине кайтарып берүүнү бийликтен «Эмгек Курулуш» ЖЧК, «Ташкөмүр» ЖЧК, «Юнайтед Цемент Групп ПЛС», «Витязь Пенсия» ЖЧК, «ОККВ» ЖЧК ишканаларынын мурунку ээлери суранышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>