Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө айып пул жана туумдар боюнча жеңилдик берилди

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө айып пул жана туумдар боюнча жеңилдик берилди

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы барлар 2021-жылдын 1-июлуна чейин негизги сумманы төлөсө, айып пул жана туумдан боштулат. 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөнгөн маалда “жеңилдик” 50% түзөт.

Бул тууралуу ”Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамда айтылат. Документке 17-августта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Мыйзам долбоорун парламент быйыл 25-июнда кабыл алган.

Мыйзам коронавирус пандемиясы шартында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, импортко кошумча нарк салыгы, импортко акциздик салык жана социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүндө жеңилдиктер берилет.

Маселен, эгер 2020-жылдын 1-июлуна карата салык төлөбөгөнү үчүн салык төлөөчүгө туум жазылган болсо, ал негизги карызды 2021-жылдын 1-июлуна чейин туумсуз төлөй алат. Негизги карызын 2021-жылдын 31-декабрына чейин жапса, туумдардын 50% төлөөгө туура келет.

Камсыздандыруу төгүмдөрдү боюнча да ушундай эле эреже каралган.

Мыйзам 2020-жылы 17-августта күчүнө кирди жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>