Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда расмий түрдө алкоголдук ичимдиктерге көз каранды болгон 35 миңдей адам катталган, анын 88% эркектер, 12% аялдар.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 18-ноябрда билдиргендей, Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен Республикалык наркология борборунун «Антиалкоголдук программасы» ишке ашырылууда.
17-ноябрда Республикалык наркология борборунун адистери Чүй облусунун Сокулуктагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлери үчүн окуу семинарын өткөрүштү.
Доктурлар/наркологдор сөз сүйлөп, калк арасында алкоголдук ичимдиктерге көз карандылыкка байланыштуу тийиштүү көңүл бурулбай жаткан көйгөйлөргө токтолушту.
Дүйнөдө ар бир 6-эркек алкоголдук көз карандылыктан ар кандай ооруларга чалдыгып каза болот, деп айтылат маалыматта.