Кыргызстанда ата-энеси белгисиз болгон балдарга жөлөк пул берилет

Кыргызстанда ата-энеси белгисиз болгон балдарга жөлөк пул берилет

Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон балдар үчүн ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулдун жаңы түрү киргизилди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон 42 бала бар.

«Жөлөкпул арыз түшкөн айдан кийинки айдан тарта бериле баштайт. Эгер арыз август айында түшсө, жөлөк пул 1-сентябрдан тарта бериле баштайт», — деди ал.

Министрдин айтымында, быйыл жөлөк пулдун төлөмдөрү үчүн 336 миң сом талап кылынат (ар бир балага 2 миң сомдон).

«Жылына бул жөлөк пулдун төлөмдөрү үчүн 1 млн сомго жакын каражат керектелет», — деп белгиледи.

Белгилей кетсек, жыйындын соңунда Улукбек Кочкоров министрлик кызматтан кете тургандыгы боюнча арыз бергенин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>