Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа көтөрүлүүдө

Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа көтөрүлүүдө

Улуттук статистика комитети айрым азык-түлүккө баалар боюнча маалымат берди. Бул тизмедеги бардык азык-түлүктөр, уй менен козу этинен башкасы, бир айда жок дегенде бир аз кымбаттады.

Эң кымбат тооктун жумурткасы, картошка жана кумшекер болууда. 2021-жылдын октябрь айында республика боюнча тоок жумурткасынын орточо баасы 97,5 сомду түзсө, сентябрда он даана жумуртка 93,92 сомго сатылган. Ошентип орточо эсеп менен баа 3,58 сомго кымбаттады. Картошка менен кант да 2,6 сомго кымбаттады. Республика боюнча октябрь айында картошканын орточо баасы 32,41 сомду, канттыкы 67,76 сомду түздү.

Мындан тышкары, сүттүн баасы 1,93 сомго кымбаттады. Күрүч, биринчи сорттогу ун, өсүмдүк майы, кара чай жана нандын баасы 1 сомго чейин аз өзгөргөн.

Ошол эле учурда Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, уй эти (-1,8 сом), козу (-1,54 сом) арзандаса, жылкынын эти, тескерисинче, 4,63 сомго кымбаттады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>