Кыргызстанда фермерлер үчүн тиркеме иштелип чыгат

Кыргызстанда фермерлер үчүн тиркеме иштелип чыгат

«Айыл Банк» Кыргызстандын фермерлери үчүн санарип банк өнүмүн иштеп чыгуу үчүн грант алды. 14-апрелде каржы институту менен Кыргызстандын Банктар Бирлигинин ортосунда гранттык келишимге кол коюлгандыгы тууралуу «Айыл Банктын» сайтында маалымдалды.

«Базарларга кирүүнү камсыз кылуу» долбоору дыйкандар менен электрондук байланышты өркүндөтүүгө багытталган банктык санариптик каржы өнүмдөрүн өнүктүрүүнү каржылайт.

«Айыл Банктын» максаты — дыйкандарды республиканын бардык аймагындагы, ЕАЭБ мейкиндигиндеги жана Кыргызстан менен тыгыз соода мамилелери бар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү өнөр жай жана соода ишканаларына кошуу үчүн адилеттүү соода аянтчасын түзүү.

Кошумчалай кетсек, долбоорду аяктоо үчүн грант алуучуга алты ай убакыт берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>