Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу башталды

Кыргызстанда күзгү аскерге чакыруу башталды

1-сентябрдан тарта  өлкөдө  күзгү аскерге чакыруу башталды. Бул тууралуу Аскердик башкармалыктын жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Бодобаев маалымат жыйынында билдирди.  

Анын белгилешинче, 3 миңден ашык  жаран Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктаса, 7 миңден ашык  аскер альтернативалык кызмат өтөйт. Аскерге чакырыла турган 3 миңден ашык жаран  Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарды жана бөлүктөрүндө аскердик кызмат өтөшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>