Кыргызстанда коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Айыккандардын ичинен тогузу Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, бирөө Ош облусунан, үчөө Жалал-Абад облусунан, бешөө Нарындан”, — деди Акматова.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 437 болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>