Кыргызстанда спирт ичимдиктеринин баасы кымбаттайт

Кыргызстанда спирт ичимдиктеринин баасы кымбаттайт

2021-жылдын январынан тарта этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын наркы белгиленди.

Маалыматка ылайык, бул ЕАЭБдин алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалды.

Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 100 сомдон 120 сомго чейин жогорулады. 2022-жылы акциз 140 сомду, 2023-жылдан тартып 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 120 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда бул ставка 100 сомду түзгөн. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 70 сомдон 80 сомго чейин жогорулаган. 2022-жылы бул сумма 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө калды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>