Кыргызстанда Sputnik V вакцинасы менен алгач кимдер эмделет? Жооп

Кыргызстанда Sputnik V вакцинасы менен алгач кимдер эмделет? Жооп

Орусиянын Sputnik V вакцинасы биринчи кезекте 65 жаштан өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдарга эмделет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 26-апрелде маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алынган 20 миң доза вакцина 10 миң кыргызстандыкты эмдөөгө жетиштүү болот.

«Жакынкы аралыкта дагы 100 миң доза жеткирилет, аны каалагандар акысыз ала алышат», — деди ал.

Буга чейин өкмөт башчы Улукбек Марипов Sputnik V вакцинасынын 15 миң дозасы сатып алынганын, 5 миң дозасы грант түрүндо келгенин айткан.

Өкмөт башчы: «Спутник V» вакцинасы дүйшөмбүдөн тарта аймактарга жеткирилет — видео

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>