Кыргызстанда унаалардын 94 пайызы эски

Кыргызстанда унаалардын 94 пайызы эски

Кыргызстандын аймагында 2017-жылы 1 миллион 173 миң транспорт каражаты катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянып, Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жогоруда көрсөтүлгөн сандагы унаалардын 94,6 пайызынын чыгарылганына 10 жыл жана андан ашык убакыт өткөн. Бул статистика өлкөнүн автопаркынын эскерип бара жатканын көрсөтүп турат.

Буга байланыштуу 21-октябрда өкмөт башчы электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонуучуларына жагымдуу шарт түзүүгө байланыштуу атайын отурум өткөрдү.

Өкмөт башчынын жакында эле кол коюлган тиешелүү буйругуна ылайык, транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекттик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы.

Bloomberg New Energy Finance (BNEF) эксперттик баалоолоруна караганда, 2025-жылы электромобилдерди сатуу 11 миллион даанага жетет жана 2030-жылы 30 миллион даанадан ашат. Электромобилдерди чыгаруу жана сатуу темпинин мындай өсүшү технологиялык чечимдерге жана батареялардын баасынын арзандашына (электромобилдердин баасынын 40 пайызы) жараша болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>