Кыргызстандан Орусияга авиа каттамдардын санын көбөйтүү макулдашылды

Кыргызстандан Орусияга авиа каттамдардын санын көбөйтүү макулдашылды

Кечээ, 21-майында Кыргызстандын  Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат Орусиянын Транспорт министрлигинин (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси А.Нерадько менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргызстандагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруунун фонунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү жана  орус тараптын талаптарына жооп берген калктын жаңы коронавирус инфекциясын жугузуусу 1ден төмөн деңгээлдеги көрсөткүчү боюнча маселелерди талкуулоо болгон.

Туруктуу каттамдар тууралуу маселелерден тышкары, мамлекеттердин ортосундагы чартердик рейстердин жүгүртмөсү, Кыргызстандын « COVID-19суз саякаттоо» мобилдик тиркемесине кошулуусун эске алуу менен жолугушууда ыкчам маалымат алмашуу жана Кыргызстандан Орссиянын шаарларына учуу географиясын кеңейтүү маселелери талкууланган.

Орусия тарабы Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын орусиянын «Роспотребнадзору» менен бир кыйла активдүү иштешүүсүнүн зарылдыгын, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясы үчүн Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан ПЧР – тесттеринин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Жолугушуу президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айында Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген эң жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>