Кыргызстандык балдарды Ирактан алып келүү маселеси талкууланды

Кыргызстандык балдарды Ирактан алып келүү маселеси талкууланды

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмд Ирактагы кыргызстандык балдарды алып келүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ТИМнин маалымат кызматы билдирди.

Жольмд өзү жетектеген уюм балдарды Ирактан кайра алып келүүнү уюштуруу иштерин колдоого даяр экенин айтты.

«Бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө зарылдыгын жана алып келинген балдарды коомго аралаштыруунун маанилүүлү баса белгилеп айтуу керек», — деди ал.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Айдарбеков бул ишке колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылык билдирип, балдардын реинтеграциясы үчүн уюм көмөк көрсөтөөрүнө ишеним артты.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков Кристин Жольмду БУУнун ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү болуп дайындалышына байланыштуу 31-июлда кабыл алды. Тараптар өз ара кызматташтык, балдардын укуктары менен кызыкчылыгын коргоо багытындагы долбоорлорду талкуулашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>