Кыргызстандык таэквондочулар Өзбекстанда 9 мөөрөй жеңди

Кыргызстандык таэквондочулар Өзбекстанда 9 мөөрөй жеңди

Кыргызстандык спортчулар таэквондо WT боюнча эл аралык турнирде 9 мөөрөй жеңди. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 2-майда Ташкент шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышты. Өлкө атынан Ратбек Санатбаев атындагы спорт мектептен 9 спортчу барган.

Гүлжан Жаналиева жана Асылхан Турдукулов өз салмагында чемпион атыгышты. Умида Ташиева, Азамат Мавлонов, Айгерим Даниярова, Бурулай Пусурова жана Олжобай кызы Күнсулуу – коло байге утса, Азизбек уулу Атай менен Шахида Амирова коло мөөрөй жеңишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>