Кыргызстандык UFC мушкери Физиев Марк Диакиезди утуп алды

Кыргызстандык UFC мушкери Физиев Марк Диакиезди утуп алды

Кыргызстандык UFC уюмунун мушкери Рафаэль Физиев  экинчи ирет жеңишке жетти. 19-июлда Абу-Даби шаарында өткөн UFC Fight Island 2 деген аталыштагы мелдеште Физиев 70 килограммга чейинки салмакта британиялык мушкер Марк Диакиез менен беттешти. Үч раундга созулган беттеште калыстар Физиевди жеңүүчү деп тапты.

Мелдешинин алкагында жалпы 12 беттеш өтүп, Рафаэль Физиев менен Марк Диакиездин беттеши «мыкты беттеш» деп табылды. Бул үчүн кыргызстандык мушкер 50 миң доллар кошумча каражат алды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>