Кыргызстандыктарды Японияда жумушка орноштуруу келишими түзүлүүдө

Кыргызстандыктарды Японияда жумушка орноштуруу келишими түзүлүүдө

Кыргызстан менен Япония кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүүнү көздөп жатышат. Бул маселе Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, Япониянын JICA агенттигинин өкүлү Немото Наоюки жана япон бизнес чөйрөсүнүн жолугушуусунда талкууланганы маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын аларда жайылтуу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, ошондой эле бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Натыйжада, тараптар инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо боюнча келишимди, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эмгек миграциясы жаатындагы меморандумду иштеп чыгууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>