Кыргызстандын аэропортторунан кайсы мамлекеттин шаарларына учса болот жана ал үчүн эмне керек?

Кыргызстандын аэропортторунан кайсы мамлекеттин шаарларына учса болот жана ал үчүн эмне керек?

«Манас» аэропортунан бүгүнкү күндө төмөнкү багыттар боюнча бир катар каттамдар жандандырылган. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.

  • Бишкек-Стамбул-Бишкек
  • Бишкек-Анталья-Бишкек
  • Дубай-Бишкек-Дубай
  • Шарджа-Бишкек-Шарджа
  • Ташкент-Бишкек-Ташкент
  • Алматы-Бишкек-Алматы
  • Бишкек-Москва-Бишкек

«Ош” аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча чартердик каттамдар жүргүзүлөт:

  • Москва-Ош-Москва
  • Ош-Санкт-Петербург-Ош
  • Ош-Новосибирск-Ош
  • Ош-Екатеринбург-Ош
  • Ош-Сургут-Ош
  • Ош-Красноярк-Ош

Орусия, Казахстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына келгенге чейин 3 күн мурда коронавируска текшерилген ПЦР анализдин (терс) жыйынтыгын алышы керек. Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЦР — тесттин жыйынтыгы керектелбейт.

Мындан улам, бардык жүргүнчүлөрдү жолго чыгуудан мурда керектүү документтерди тактап алууну суранабыз – ПЦР — тест, жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуу) (аты-жөнү, туулган жылы, күнү, айы, жынысы, паспорттун мөөнөтү), өзгөчө жаңы паспортко көңүл буруу керек. Учакка билеттерди сатып алуу үчүн авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө кайрылуу керек.

Андан сырткары, төмөнкү багыттар боюнча ички каттамдар жандандырылды:

  • Бишкек-Ош-Бишкек (күн сайын)
  • Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек (жумасына бир жолу, жума күнү)
  • Бишкек-Баткен-Бишкек (жумасына бир жолу, шейшемби күнү)

«МАМ» аэропортторунун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт.

Бардык жарандар милдеттүү түрдө беткап режимин жана социалдык аралыкты сакташы абзел. Ал үчүн аэропорттордо атайын белгилер жана маалыматтык стенддер бар. Колду тазалоо үчүн санитайзерди колдонуу зарыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, COVID-19 вирусун жуктурууну алдын алуу үчүн санитардык-көзөмөл пункттарынын кызматкерлери учуп келген бардык жарандардын дене табын текшеришет. Жарандарда ПЦР — тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкат милдеттүү түрдө болушу керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>