Кыргызстандын аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай жана 300 млн тоннадан ашык калдык бар

Кыргызстандын аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай жана 300 млн тоннадан ашык калдык бар

Өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай жана аларда жалпысынан 300 миллион тоннадан ашык калдык бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргызстандын аймагында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салынган мыйзам долбоору каралып жатканда маалым болду.

Мыйзам долбоору боюнча депутат Кожобек Рыспаев баяндама жасады.

«Мыйзам долбоору менен уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат», — деп айтылды баяндамада.

Аталган мыйзам долбоору жалпы палатада экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>