Кыргызстандын Батышка алтын экспорттоо укугу чектелди

Кыргызстандын Батышка алтын экспорттоо укугу чектелди

17-сентябрдан тарта Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасы ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жайгаштырылды.

«Ушул күндөн тарта аффинаждык заводдун продукциясы талаптагыдай жеткирүүчү катары кабыл алынбайт жана аккредитациясы токтотулду»,- деп жазылган билдирүүдө.

Бул аккредитациянын токтотулушу «Кыргызалтындын» негизги рынокко кирүүсүн чектейт. Башкача айтканда, Кыргызстандын алтынды экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат. Анткени ири банктар жогоруда аталган уюмдун ишенимдүү жеткирүүчүлөрүнүн тизмесине кирген заводдордун продукцияларына артыкчылык берет.

Июнь айында аталган уюм «Кыргызалтын» ишканасынын жеткирүү маселелери жана алдамчылык болушу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу жагдайлар изилдеп жатканын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>