Кыргызстандын эл аралык издөөдө жүргөн жараны Орусиядан кармалды

Кыргызстандын эл аралык издөөдө жүргөн жараны Орусиядан кармалды

Алдамчылыкка шектелип эл аралык издөөдө жүргөн жаран Санкт-Петербург шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 «1978-жылы туулган Талас облусунун К.С. аттуу тургуну ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 2017-жылдан бери тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. Ал жабырлануучунун ишенимине кирип алып, жүк ташыган унаа алып келип берем деп 545 миң сом алган бойдон изин жашырып кеткен», — деп жазылат маалыматта.

 Азыркы учурда шектүүнү Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>