Кыргызстандын эмгек сиңирген футбол машыктыруучусу Азаматжан Кадыров каза болду

Кыргызстандын эмгек сиңирген футбол машыктыруучусу Азаматжан Кадыров каза болду

Кыргызстандын эмгек сиңирген футбол машыктыруучусу Азаматжан  Кадыров 69 жашында каза болду. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы кабарлады.

Азаматжан Кадыров  ФФИКОнун биринчи аткаруучу директору, Футбол федерациясынын Ысык-Көл облусундагы негиздөөчүсү болгон. Анын жетекчилиги астында аталган облустун кыз-келиндер курама командасы Кыргызстандын чемпиондору жана Кыргыз Кубогунун ээлери болушкан.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Азаматжан  Кадыровдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>