Кыргызстандын ИДПсы 8,6%га төмөндөгөн

Кыргызстандын ИДПсы 8,6%га төмөндөгөн

2020-жылы Кыргызстандын ИДПсы алдын-ала эсептөөлөр боюнча 598 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат жыйынында айтылды.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 8,6%га төмөндөгөн. Бул төмөндөө өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн төмөндөшү менен байланыштуу.

Белгиленгендей, «Кумтөр» өнөр жай ишканасынын өндүрүшүн эсепке албаганда, өткөн жылы ИДПнын көлөмү 530 миллиард сомду түзүп, өз кезегинде 9%га төмөндөгөн.

Бул акыркы 25 жылдагы ИДПнын ири кыйроосу, 1994-жылы ИДПнын төмөндөшү 20,1% деңгээлинде болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>