Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 млн 637 миң адамды түздү

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 млн 637 миң адамды түздү

2021-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча, Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түзгөн. Алдын ала маалыматтарды Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошентип, туруктуу калктын үчтөн бири (34%) шаар тибиндеги конуштарда, үчтөн экиси (66%) айыл жеринде жашашкан.

Жалпы калктын 35% дан ашыгын балдар жана өспүрүмдөр түзсө, 57% эмгекке жарамдуу курактагы адамдар жана 8% эмгекке жарактуу курактагылар.

Жалпысынан Кыргызстанда 100дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт, алардын көпчүлүгү (2021-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча): кыргыздар — 4 млн 896 миң адам (73,8%), өзбектер — 985 миң адам (14,9%) жана орустар — 341 миң адам (5,2%).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>