Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 56,2 % көбөйдү

Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 56,2 % көбөйдү

2020-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттин тышкы карызы 4 млрд 169 млн 600 миң АКШ долларын түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик карыз алууну төмөндөтүү боюнча тынымсыз иш алып барып жаткандыгын жана 2019-жылдын аягында тышкы карыздын деңгээли ИДПга карата 45,5% га чейин төмөндөтүлгөнүн белгилейт. Бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу каатчылыктан улам тышкы карыздын деңгээли 2020-жылы ИДПга карата 56,2%га чейин көтөрүлүп кеткен.

Министрлик айрым депутаттардын 2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 1млрд АКШ долларына чейин көбөйгөнү жөнүндө айткандары чындыкка дал келбей турганын кошумчалаган. Быйыл жалпысынан 337 млн АКШ доллары тышкы каржылык жардам катары алынган, анын ичинен насыялар 269 млн АКШ долларын түзөт.

2020-жылдын январь-август айлары үчүн республикалык бюджетинен мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн жалпысынан 8 млрд 852 млн сом бөлүнгөн. Жыл соңунда тышкы карыз 4 млрд 323 млн 600 миң долларды түзөрү күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>