Кыргызстанга мигранттардын акча которуусу өткөн жылга карганда 17% га өстү

Кыргызстанга мигранттардын акча которуусу өткөн жылга карганда 17% га өстү

Сентябрь айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 295,5 миллион доллар которгон, салттуу түрдө көбү (289,9 миллион доллар) же 97,86% Орусиядан келген. Мындай маалыматтар Улуттук банктан белгилүү болду.

Бир ай мурункуга салыштырмалуу Кыргызстанга чет өлкөдөн жөнөтүлгөн акчанын көлөмү 22,05%га, же 53,4 млн долларга өскөн.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери эмгек мигранттары мекенине 2 миллиард 32,3 миллион доллар которгон, бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу 17,29%га көп, ал эми Кыргыз Республикасы акча которуу системалары аркылуу 1 миллиард 732,7 миллион доллар алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>