Кыргызстанга Татарстандын президенти келди

Кыргызстанга Татарстандын президенти келди

18-ноябрда иш сапары менен Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>