Кыш оор болот. Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Кыш оор болот. Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК колдонуучуларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.

«Электр энергиясынын тартыштыгынан, республиканын аймагында колдоонучулардын көбөйүүсүнөн жана кардын көп жылдык нормасынан аз түшкөнүнө байланыштуу Нарын дарыясына суунун аз кошулушуунан улам, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгили оор болот деп күтүлүүдө. Учурда тийиштүү органдар тарабынан тартыштыкты азайтуу максатында иштер аткарылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи чара. Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясы менен энергосистемасынын твоар алмашуусу. 2021-жылдын март айынан баштап 2022-жылдын мартына чейин алардан 1 650 млн кВт. саат алынып, 2021, 2022 жана 2023-жылдары үч этап аркылуу, жайкы мезгтлдерде 550 млн кВт.  саат менен кайтарылат. Мындан улам, 2021-2022-жылы Кыргызстандын энергетикалык тутуму тартыштыкты жөнгө салуу үчүн 11 00 млн кВт саат алат.

Экинчи чара. Бишкек шаарындаг ЖЭБди кошумча иштетүү, ал муктаждыкты 1 000 млн кВт. саатка азайтат.

Үчүнчү чара. Электр энергиясына болгон колдонууну энергокомпаниялар тарабынан жана электр энергиясын дүң баада саткандар тарабынан колдонуучуларга чектөө киргизүү. Бардык энергокомпаниялар – “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Ошэлектро” ЖЧКлары тарабынан электр энергиясына болгон колдонууну көрсөтүлгөн чекте иштетүүнү көзөмөлдөп жатат. Ошол эле учурда электр энергиясын дүң баада саткан Электрокүч, Энерготехсервис, Глобал энерджи жана ЭК группка “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан берилген эскертүүлөргө карабай, көрсөтүлгөн чекке чейин колдонуу көзөмөлгө алынган эмес. Мындай абалдар алдыдагы күз-кыш мезгилине ийгиликтүүөтүүгө тосколдук жаратат.

Жогорудагыларды эске алуу менен, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК бардык колдонуучуларга электр энергиясын сарамжалдуулук менен иштетүүгө, керексиз учурда электр шаймандарын иштетпөөгө, ысытуучу лампаларды, суу жылыткычтарды жана жылыткычтарды колдонуудан баш тартууга чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>