Кытайда бубон тумоосунан улам кооптуу кырдаал жарыяланды

Кытайда бубон тумоосунан улам кооптуу кырдаал жарыяланды

Кытайдын түндүгүндө бубон тумоосунан улам кооптуу эпидемиологиялык кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Кытай басылмалары жазып чыкты.

Бубон тумоосу алгач Монголияда байкалган кийин Кытайдын түндүгүндөгү элдерден табыла баштаган. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик илдет кишиден кишиге жуугарын маалымдап, кооптуу эпидемиологиялык кырдаал жарыялады.
Алгач Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономдук районунун Баян-Нур кыштагынын жергиликтүү бийлиги 5-июль күнү бубон тумоосунун белгилери менен жергиликтүү ооруканага тургун кайрылгандан кийин жогорку эпидемиологиялык кооптуу кырдал жарыялаган.

Бул илдет адамдан адамга гана эмес, жаныбарлардан жугарын эскерткен бийлик өкүлдөрү аңчылыкка да тыюу киргизген.

Маалыматтарга караганда илдет кемирүүчүлөрдөн, алардын ичинен монгол суурларынан көп жугат.

Бубон жарасы лимфа бездеринин сезгениши менен мүнөздөлөт, ал лихорадка менен коштолуп адамды мас сыяктуу абалда сездирет. Эгерде антибиотиктер менен даарылоону убагында баштаса бул илдеттен сакаюу мүмкүнчүлүгү жогору.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>