Кытайда каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү алынып келинди

Кытайда каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү алынып келинди

Бүгүн, 23-апрелде эртең менен Кытайда кырсыктын кесепетинен каза болгон 22 жаштагы Ш.Б.нын сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркумду жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ш.Б.нын туугандарына Кыргызстандын Пекиндеги элчилиги тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жардам, ошондой эле маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардам көрсөтүлгөн.

Мындай процедура катуу карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдын Шанхай шаарында 22 жаштагы кыргызстандык жигит жол кырсыгынан каза болгону айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>