Кытайда курулган дүйнөдөгү эң чоң аэропорт ишке кирди (фото)

Кытайда курулган дүйнөдөгү эң чоң аэропорт ишке кирди (фото)

Кытайдын борбору Бээжинде аалмадгы эң чоң эл аралык “Дасин” аба майданы алгачкы каттамын кабыл алды. Бул тууралуу Кытай басылмалары жазышууда.

Пекиндин түштүгүнөн  46 чакырым алыстыкта жайгашкан жаңы аба майдандын курулушу мындан 5 жыл мурун башталган. Жаңы аба майданда учуп-конуучу төрт тилке бар. Аба майдан жылына 620 миң каттамды кабыл алууга ылайыкташкан.

Аба майданын куруу долбоорунун жетекчиси Ли Цзяньху  “SkyTeam” альянсына кирген бардык авиякомпаниялар жаңы аэропортко көчөрүн, ал эми Star Alliance биримдигине кирген авиякомпаниялардын учактары “Шоуду” аэропортуна конуп турарын билдирген.

Алсак Орусиялык “Аэрофлот”  аба компаниясы да “SkyTeam” альянсына мүчө болгондуктан ал да “Дасин” аба майданына көчөт.

Жалпы аянты 47 миң чарчы метрди тузгөн жаңы аба майдандын курулушуна 63 миллиарда доллар сарпталган. Ага жылына 45 миллион жолоочу келет деп болжолдонгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>