Кытайлар Нарын облусуна өнөр жай соода-логистикалык борборун курат

Кытайлар Нарын облусуна өнөр жай соода-логистикалык борборун курат

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Аскаров соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн белгиледи.

Өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларды түзөт. Аталган  борборду куруу менен  аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык мааселелер чечилет.

Маалымдама: Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом  түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>