Кызды уурдап барып өлтүргөн делген адам мурда каракчылык үчүн соттолгон

Кызды уурдап барып өлтүргөн делген адам мурда каракчылык үчүн соттолгон

Кызды уурдап барып өлтүргөн делген адам мурда каракчылык үчүн соттолгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек ШИИББинин криминалдык милициясынын жетекчиси Уланбек Айтпаев билдирди.

Ага ылайык, кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам көп жыл Орусияда мигрант болуп келген.

“Шектүүнүн өздүгү тууралуу маалыматтарга токтолсок, ал Кыргызстанга 2017-жылы келген. Инисинин сөзү боюнча ал орусияда каракчылык беренеси менен соттолуп, 6,5 жыл отуруп чыккан. Ал жарандык никеде чет өлкөдө жашаган, мурда үй-бүлөсү болгон, 2 баласы бар. 2017-жылы Кыргызстанга келип, такси кызматында иштеп жүргөн. Башында батир жалдап жашап жүрсө, кийин такси кылган автоунаасында жашачу”,  — дейт Айтпаев.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кетип жаткан тасма тараган. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>