Кызганычтан аялын бычак менен барымтага алган адам кармалды — видео

Кызганычтан аялын бычак менен барымтага алган адам кармалды — видео

Бишкекте бычак менен жарандык аялын барымтага алган 36 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-июнда Бишкектеги Ден Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканалардын биринде орун алган. Ал жерде мас абалындагы 36 жаштагы адам аны менен чогуу жашап жүргөн аялды кызганычтан улам коркутуп, кармап отурган. Бычак менен тап берип имаратка адамдарды киргизбей жаткан. 

Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери анын колунан бычакты тартып, алышып,  эркек кишини убактылуу кармоочу жайга аялды ооруканага жеткиришкен.

«Подполковник Жаанбаев эркек кишини кеп-сөзгө келтирүүгө аракет кылып, бычагын таштоого чакырганы менен берки макул болгон эмес. Милициянын подполковниги аялдын коопсуздугу үчүн спорттук ыкманы колдонуп зордукчулдун колунан бычакты тартып алып, өзүн кыймылдатпай кармап калган», — деп айтылат шаардык милициянын билдирүүсүндө.

Жабырлануучу аял жаракат алганы же албаганы азырынча белгисиз.

Кылмышкерди кармоо учурун ошол жердеги адамдар видеого тартып алып, инстаграм баракчаларынын бирине жүктөшкөн. 

https://www.instagram.com/tv/CBi28KUnbj_/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>