Кызыл-Кыяда авиакассаларга шып аркылуу кирип, акча уурдап жүргөн адам кармалды

Кызыл-Кыяда авиакассаларга шып аркылуу кирип, акча уурдап жүргөн адам кармалды

Кызыл-Кыя шаарындагы авикассаларга ууруга кирип, 100миң сомдун тегерегинде зыян алып келген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, шектүү банкоматтардагы акчаларды да бузууга аракет кылып жүргөн.

 “Шектүү Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 31 жаштагы тургуну болгон. Ал түн ичинде авиакассалардын шыбын бузуп кирип, уурулук жасап жүргөн. Бул жаран Кызыл-Кыя шаарынан эле 3 факт уурулук, 2 факт уурулук кылууга аракет жасап жалпысынан 100миң сомдун тегерегинде зыян алып келген. Мындан сырткары Ноокат районунан дагы 2 факт уурулук жасагандыгы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

 Жогорудагы фактылар Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан  кылмыштар менен жоруктардын тизмесине катталып, шектүү  убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>