Лос-Анжелесте кыргыз тасмалары көрсөтүлдү — сүрөт

Лос-Анжелесте кыргыз тасмалары көрсөтүлдү — сүрөт

Лос-Анжелестеги Лэнмарк кинотеатрында кыргыз киносунун салттуу күнү өтүп, анда 2 тасма: «Акыркы көч» жана «Шамбала» көрсөтүлдү.

Иш-чарага «Шамбаланын» режиссеру Арыкпай Сүйүндүков жана актёр Артур Аманалиев, Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси – Бакыт Аманбаев катышты. Көрсөтүүнү колдоо үчүн Американын ар кайсы штаттарынан мекендештер, ошондой эле Кыргызстандан коноктор келишти.

«Иш-чара абдан ийгиликтүү өттү. Жетинчи жыл катары менен Кыргызстандын күнү салттуу түрдө Азия кинофестивалынын алкагында өткөрүлөт», — деп белгилешти уюштуруучулар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>