Маданият министри ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолугушту

Маданият министри ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолугушту

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит  Кадырбеков   эстрада ырчысы Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолугушуп, баарлашты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө  таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.

Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоев ютубда жаңы берүү ачып, ал коомчулукта чуу жараткан. Ал жакка жылдыздарды чакырып, эч кандай чектөөсүз, уят сөздөрдү колдонуп, бирин-бири сындаган 2-3 берүүсү жарыяланган. Алардын бирине конок катары Кайрат Примбердиев да барган эле.  

Кийин Маданият министрлиги эстрада ырчыларынын жосунсуз жоруктарына карата чара катары аларга берилген наамдарды кайра чакыртып алып жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>