Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Айгүл Мураталиева каза болду

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Айгүл Мураталиева каза болду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айгүл Мураталиева каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум пневмония дартынан каза болгон.

Айгүл Мураталиева 2006-жылы хореография искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наамга татыктуу болгон.

«Эмгектин ардагери» медалы, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамоталары, «Билим берүүнүн мыкты кызматкери», «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>