Май ташыган унаадагы өрттөн кийин милиция үн катты

Май ташыган унаадагы өрттөн кийин милиция үн катты

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кооптуу болгон химиялык, өрт чыгуучу заттарды ташуучу унаалардын айдоочуларына жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүздү. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн атайын эскертме буклеттер, жол кыймылын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер тарабынан кызмат өтөөдө жана ошондой эле атайын стационардык постордо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жылдын башынан тартып «Роснефть», «Партнернефть», «Газпромнефть-Азия», «Кумтөр», «Альфа-Ойл» жана башка ишканалардын айдоочулары үчүн атайын семинар өткөргөнү айтылат.

Буга чейин Ош-Бишкек жолунан күйүүчү май ташуучу унаа күйүп, 58 жаштагы киши мерт кеткен.

Ош-Бишкек жолунда май куючу унаа жарылды (ВИДЕО)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>