Майлуу-Сууда баңгизат сактап жүргөн адам кармалды — сүрөт

Майлуу-Сууда баңгизат сактап жүргөн адам кармалды — сүрөт

Майлуу-Сууда баңгизат сактап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-январда милицияга  Майлуу-Суунун ,  53 жаштаг С.А. аттуу  тургуну  баңгизатын мыйзамсыз сактап, колдонуп жүрөт деген маалымат түшкөн. 

Укук коргоо органдары ыкчам аракеттерди көрүп, ошол эле күнү аталган адамды кармап, тинтүүгө алганда чөнтөгүнөн  2 даана целлофанга оролгон өзгөчө кескин жыты бар, жашыл түстөгү зат табылган.  Үйүн тинтүүгө алганда да бир киллограмга жакын аталгандай затты табышкан.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, ал “марихуана” баңгизаты экендиги аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. 

[su_image_carousel source=»media: 54754,54755″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>