Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюулду

Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюулду

Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюулду. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, жана ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен, электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-фермасынын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан, майнинг-фермасынын эксплуатациялоо үчүн электр энергиясын мыйзамсыз камсыз кылып, экинчиден электр энергиясын керектөөдөн ашыкча киреше алып, андан кийин республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн ири өндүрүүчү объекттери аныкталган.

Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталган. Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2 миңге жакын жабдуу алынган:

-Чүй областы, Ысык-Ата району, Дружба айылы;

-Бишкек шаарынын, Чокан Валиханов көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

— Бишкек шаарынын, Табалдиев көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

— ЭЭА аймагындагы Бишкек шаардык өнөр жай объектилери;

— Бишкек шаардык «Фрунзе» заводу, Интергельпо көчөсү;

— Бишкек шаарындагы, Чокан Валиханов көчөсүндөгү жеке менчик объект.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>