Төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан каза болду

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан каза болду

Төкмө акын, ырчы жана обончу Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгына кабылып, каза болду. Маалыматты акындын кесиптештери тастыктады.

Маалыматка караганда, акын бара жаткан унаа 11-ноябрь күнү Бишкек — Торугарт жолунда  жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен 4 адам каза болгон. Айрым маалыматтарга караганда, каза болгондордун арасында акындын келинчеги да бар.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя такталып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, 10-ноябрда комузчу Нурзат Орозалиева 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>