Майрамкан Абылкасымова акыркы сапарга узатылды

Майрамкан Абылкасымова акыркы сапарга узатылды

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Бишкекте өткөн коштошуу зыйнатына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган бийлик өкүлдөрү жана маданий ишмерлер, жакындары катышты.

Майрамкан Абылкасымованын Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы, элин- жерин сүйгөн мекенчил кыргыздын кызы катары эскеришип, анын чыгармалары түбөлүктүү жана эл арасында аны өлбөс-өчпөс кылып кеткенине токтолушту.

Маркумду акыркы сапарга узатуу Улуттук Гвардиянын Ардак кароолунун катышуусу менен болуп, сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө жерге берилди.

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 85 жаш курагында узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн 16-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.


 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>