Максат Сабиров: Караколдун кире беришиндеги жолду талкалап салып, эл чаң жутуп жатат. Качан бүтөт?

Максат Сабиров: Караколдун кире беришиндеги жолду талкалап салып, эл чаң жутуп жатат. Качан бүтөт?

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер сааты өтүүдө. Жыйында  депутат Максат Сабиров Ысык-Көл обулусундагы туристтик сезон аяктаганын айтып, Балыкчы-Корумду жолунун курулуш тууралуу маселе көтөрдү.

«Ысык-Көл облусунда быйыл туристтик сезон жакшы болду деп сүйүндүк. Бирок Балыкчы_Корумду жолунун курулушу дагы деле бүтпөй турат. Бул жол менен чет мамлекеттин башчыларынан бери Ысык-Көлгө барышат. Мындан тышкары Каракол шаарына кире турган жолду сезондун башында талкалап салды эле, бүгүнкү күнгө чеийн асфальт төшөлбөй, тургундар чаң жутуп жатат. Туризмди өсүрөбүз дейбиз. Эгер өзүбүзгө шарт түзбөсөк. Кайдагы туризм өсөт», — деп нааразычылыгын өкмөткө айтты Сабиров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>