Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилери камакка алынганы айтылууда

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилери камакка алынганы айтылууда

 

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Наталья Черногубова жана анын орун басары Замирбек Мамбеталиев кызматтан алынып, камакка алынганы айтылууда.

Бул маалыматты “Репортерго” өздүк булактар кабарлап, жетекчилер коррупцияга шектелип жатканын кошумчалады.

Малыматты тактоо үчүн Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комиттин басма сөз катчысы Тимур Алхожоевге байланышканыбызда, ал мындай маалымат укпагандыгын жана маалыматы тактап бере албастыгын айтты.

“Биз азыр карантинде үйдөбүз, менде мындай маалымат жок. Мамлекеттик  байланыш агенттигинин жетекчисин кызматтан алуу жана кетирүүнү Өкмөт чечет. Балким ошолорго баайланышасыңар?”, – деди Алхожоев.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов дагы Черногубова менен Мамбеталиевдин кызматтан алынгандыгы тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, маалыматты тактап берерин убадалады. Бирок кийин ал биздин телефон чалууларыбызга жооп берген жок.

Ал эми Мамлекеттик байланыш агенттигинин атын атагысы келбеген кызматкерлери жетекчилеринин кызматтан кеткенин ырасташты.

“Ооба, Наталья Николаевна менен Замирбек Саякбаевич биринчи күнү жумуштан кетишкен. Бирок алардын камакка алынгандыгы тууралуу маалымат бере албайбыз”, – дешти кызматкерлер.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилери камакка алынгандыгын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратура дагы тастыктаган да четке каккан да жок.

Белгилей кестек, Наталья Черногубова Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси  болуп 2019-жылдын октябрь айынын соңунда дайындалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>