Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына иш козголду

Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына иш козголду

Бажы жана коммерциялык банк кызматкерлеринин кылмышуу аракеттеринен улам ишкер 40 миллион сомдук зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “М” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) директорунун кайрылуусу боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын жана коммерциялык банктардын биринин кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер аныкталган.

2018-жылы “М” ЖЧКсы, банк аркылуу 40 миллион сомду “Ташылуучу бажы төлөмдөрү” катары Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине которгон.

Бирок, коммерциялык банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам көрсөтүлгөн сумманы башка эсепке (Ташылуучу товарларга кошумча нарк салыгы катары) которуп жиберип, “М” ЖЧКсына жасалма төлөм тапшырмасын беришкен.

Андан кийин, 2018-жылы аталган ЖЧК тарабынан товарлар бажы аркылуу жасалма төлөм тапшырмасы менен ташылып, документтерди көзөмөлдөөгө жооптуу бажы кызматкерлери тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын одоно бузушуп, аларды каттоодо товарлар боюнча декларацияларды текшеришкен эмес.

Мындан тышкары, бажы кызматкерлери мыйзам талаптарын бузушуп, 3 жыл бою бажы төлөмдөрүн чегерүү, которуу жана кайтаруу боюнча милдеттерин аткарбай, “М” ЖЧКсы менен бажы органынын ортосунда ай сайын текшерүүнү жүргүзбөй келишкен.

Ошол эле учурда, бажы органы 2021-жылдын март айында ЖЧКга карата негизсиз туум чегерип, натыйжада ишкердик субъектинин мыйзам менен корголгон укуктары бузулган.

Чогултулган материалдар 320-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233-берене (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-берене (документтерди жасалмалоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>